Биз менен байланышыңыз

УКМК: Камчы Көлбаевдин жылкылары сатыкка коюлду

Кыска кабар | 26 Окт 2023 | 643 | 0

УКМК тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында Камчыбек Асанбектин акчасына алынган дагы 7 жылкы табылганын маалымдады.

Буга чейин Камчыбек Асанбекке таандык 8 жылкы табылганын айтып, тизмектеп берген эле.

УКМК жалпы 79 млн 790 миң сомго бааланган бул 15 жылкы сатыкка коюлганын, акчасы бюджетке которуларын билдирген.

  • «Беш кашка» англис породасы — баасы 44 000 000 сом;
  • «Командор» англис породасы — баасы 26 400 000 сом;
  • «Раушан» англис породасы — баасы 2 200 000 сом;
  • «Дончак» дон-англис породасы — баасы 300 000 сом;
  • «Кундуз» англис породасы — баасы 900 000 сом;
  • «Хан сулуу» англис породасы — баасы 900 000 сом;
  • «Острый» аталышындагы чабылган аты — баасы 140 000 сом;
  • «Рошал» англис породасы — баасы 150 000 сом;
  • «Айчолпон» таза кандуу бээ — баасы 440 000 сом;
  • «Акбермет» таза кандуу бээ — баасы 356 000 сом;
  • «Көксерек» бээси — баасы 100 000 сом;
  • «Көкжал» айгыры — баасы 60 000 сом;
  • «Бактөр» аргымагы — баасы 704 000 сом;
  • «Байтору» бээси — баасы 440 000 сом;
  • «Эркиндик» англис породасы — баасы 2 700 000 сом.

УКМК берген маалыматка караганда, кылмыштуу жол менен алынган мүлктөр боюнча иликтөө уланып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM