УКМК тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында Камчыбек Асанбектин акчасына алынган дагы 7 жылкы табылганын маалымдады.
Буга чейин Камчыбек Асанбекке таандык 8 жылкы табылганын айтып, тизмектеп берген эле.
УКМК жалпы 79 млн 790 миң сомго бааланган бул 15 жылкы сатыкка коюлганын, акчасы бюджетке которуларын билдирген.
- «Беш кашка» англис породасы — баасы 44 000 000 сом;
- «Командор» англис породасы — баасы 26 400 000 сом;
- «Раушан» англис породасы — баасы 2 200 000 сом;
- «Дончак» дон-англис породасы — баасы 300 000 сом;
- «Кундуз» англис породасы — баасы 900 000 сом;
- «Хан сулуу» англис породасы — баасы 900 000 сом;
- «Острый» аталышындагы чабылган аты — баасы 140 000 сом;
- «Рошал» англис породасы — баасы 150 000 сом;
- «Айчолпон» таза кандуу бээ — баасы 440 000 сом;
- «Акбермет» таза кандуу бээ — баасы 356 000 сом;
- «Көксерек» бээси — баасы 100 000 сом;
- «Көкжал» айгыры — баасы 60 000 сом;
- «Бактөр» аргымагы — баасы 704 000 сом;
- «Байтору» бээси — баасы 440 000 сом;
- «Эркиндик» англис породасы — баасы 2 700 000 сом.
УКМК берген маалыматка караганда, кылмыштуу жол менен алынган мүлктөр боюнча иликтөө уланып жатат.