УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө маркум К. Асанбектин (Камчы Көлбаев) 500 миң АКШ долларынан ашык баалуу асыл тукум жылкы түрүндөгү кошумча мүлкү аныкталып алынды.
УКМКнын маалымат борборунан билдиргендей, конфискацияланган мал-мүлккө төмөнкүлөр кирет:
«Баш кашка англис породасы – баасы 150 миң АКШ доллары,
Командор англис породасы — баасы 100 миң АКШ доллары,
Раушан англис породасы — 100 миң АКШ доллары,
Дончак донской англис породасы — 100 миң АКШ доллары,
Кундуз таза кандуу англис породасы – 50 миң АКШ доллары,
Байтал таза кандуу англис породасы – 50 миң АКШ доллары,
Острый – 15 миң АКШ доллары, ошондой эле Р. Акматбаевдин туугандарынын сарайынан К. Асанбек тарабынан алынган аты жок асыл тукум бээ– баасы 5000 АКШ доллары турат», — деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.
УКМК Көлбаевдин камакка алынган мүлкү тууралуу маалымат берди