Connect with us

УКМК Көлбаевдин камакка алынган мүлкү тууралуу маалымат берди

Кыска кабар | 9 Окт 2023 | 1045 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Көлбаев жок кылынгандан бери иликтөө иштеринин жүрүшүндө аны менен байланышта болгон кылмыштуу топтун 40тан ашык мүчөсү кармалганын билдирди.

Көлбаев жетектеген уюшкан кылмыштуу топ 2008-жылдан бери «кылмыштуу империя» түзүп келген, анын активдери Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү таза иштеген ишкерлердин, орто жана ири бизнестин өкүлдөрүнүн эсебинен көбөйгөн.

Анын криминалдык чөйрөдөгү финансылык кызыкчылыктары өлкөдөгү саясий процесстерге таасир этүүгө мүмкүндүк берип, улуттук коопсуздукка олуттуу коркунучтарды жараткан.

«К. Асанбектин тобунун криминалдык мүмкүнчүлүктөрүнөн чочулап, айрым адамдар, анын ичинде чоң кызматтагылар, саясатчылар анын таасир астында калып, кээ бирлер өздөрү криминалдык авторитеттин «достугуна жана колдоосуна» умтулушкан. К. Асанбек жана анын жан-жөкөрлөрү өздөрүнүн кылмыштуу мүлкүн коргоо үчүн коопсуздук агенттик деп ачып, заманбап ок атуучу куралдар жана техникалар менен жабдылган куралдуу топторду түзүшкөн, жүргүзүлүп жаткан иликтөө иштеринин алкагында алар толугу менен алынды», — деп айтылат маалыматта.

УКМК Көлбаевдин жана анын жакындарынын мыйзамсыз мүлктөрүнө 850дөн ашык кыймылсыз мүлк кирерин билдирди. Анын ичинде кымбат өзгөчөлөнгөн үйлөр (особняк), коттедждер, элиталык клуб, батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык кымбат баалуу люкс үлгүсүндөгү унаалар, анын ичинде брондолгондор, зер буюмдар жана башка мүлктөр бар.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, К. Асанбектин мүлкүнүн бир бөлүгү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган жана таза иштеген ишкерлерден тартып алынган. Аларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жабыркаган адамдарга кайтаруу иштери жүргүзүлөт.

УКМК кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү мамлекеттик кирешеге айлантуу ишин баштады. Курулуп жаткан эки имаратта К. Асанбек 700дөн ашык батирге ээ болгон, алар мамлекетке өткөрүлөт.

К. Асанбектин тобунун мыйзамсыз баюусунун дагы бир булагы болуп, жаза аткаруу системасынын мекемелеринде отурган адамдардан, алардын жакындарынан жана карапайым ишкерлерден «уурулардын казынасын» толтуруу шылтоосу менен системалуу түрдө акча талап кылуу болгон.

«К. Асанбектин мыйзамсыз жол менен алынган бардык мүлкүнүн алдын ала жалпы баасы 1 млрд АКШ долларын түзөт, алар камакка алынды. Бул К. Асанбектин жана анын айланасындагылардын мыйзамсыз мүлктөрүн издөө иштеринин алгачкы жыйынтыктары гана, издөө иштери ал өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да, тактап айтканда, анын бизнес кызыкчылыктары болгон Россияда, Казакстанда, Грузияда, Түркияда, БАЭде (Дубай) жана Японияда да улантылат», — деп айтылат Атайын кызматтын билдирүүсүндө.

4-октябрда Кыргызстанда кримдүйнөсүнүн анабашы болгон Камчы Көлбаев атайын операция менен кармалып, жок кылынган. Андан кийин Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев криминал менен күрөшүү күчөтүлөрүн эскерткен.

Ташиев: Кыргызстанда мындан ары «крим кассасы» деген болбойт

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM