Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Кыргызстанда мындан ары «крим кассасы» деген болбойт

Кыска кабар | 9 Окт 2023 | 547 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбук баракчасына билдирүү жазып, бизнесмендерге, чет өлкөлүк инвесторлорго, ресторан, базарлардын ээлерине жана соодагерлерге кайрылды.

Ал буга чейин кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөндөр болсо, токтотууга чакырып, эгер каржылоону улантышса, жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

«Криминалдар буга чейин көптөгөн бизнестерден, бизнесмендерден, керек болсо инвесторлордон акча алып жүргөндөрү, бирөөлөрдүн мүлктөрүн тартып алгандары аныкталып жатат. Кимде-ким буга чейин жабыркаган болсоңор, УКМКга кайрылгыла. Эми баарыңарга эскертебиз: мындан ары кримчөйрөсүнө бергендерди да, «кримчөйрөсүмүн» деп барып, кимдир бирөөлөрдү коркутуп акча алгандарды да жазалайбыз. Мындан ары Кыргызстанда кримчөйрөсү, кримкассасы деген болбойт», — деди Ташиев.

4-октябрда Кыргызстанда кримдүйнөсүнүн анабашы болгон Камчы Көлбаев атайын операция менен кармалып, жок кылынган. Андан кийин Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев криминал менен күрөшүү күчөтүлөрүн эскерткен.

Copyright © 2017 Maral FM