Биз менен байланышыңыз

Президент тууга өзгөртүү киргизүүнү колдоорун билдирди

Кыска кабар | 25 Окт 2023 | 242 | 0

Эми ушул вариант Кудай буюруп, кабыл алынып калса, күн карама болбойбуз, мындан ары Күн бизди карап жылмайып тургандай болот. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди.

Журналисттин Жогорку Кеңештин төрагасы көтөрүп жаткан тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси боюнча суроосуна мамлекет башчысы бул идеяны колдой турганын билдирген.

Президенттин айтымында, буга чейин эл ичинде тууну күн карамага окшоштуруп, «мамлекетибиз ушундан улам өз алдынча көтөрүлө албай, күн карама абалда келатат» деген пикирлер айтылып келген. Ал тургай, чет өлкөдөн келген коноктор да «бул өлкөдө күн карама көп өстүрүлөт турбайбы» деген ойдо калып келишкен.

«Эми чынын айтсак, эгемендүүлүк алгандан бери башкаларга күн карама болуп келбедикпи. Ошондуктан туубузга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт-сааты келгендей. Дүйнө жүзүндө мамлекеттик тууларынын элементтерин өзгөрткөн өлкөлөр жок эмес, мындай учурлар болуп келген. Депутаттардын демилгесине келсек, жакшылап, маани бере турган болсок, алар туунун концепциясын алмаштырууну демилгелеген жок. Болгону эл сөз кылып келген «күн карамадай болуп калган Күн нурларын оңдоп коёлу» деген ой менен чыгып жатышат. Ачык эле айтып коёюн, алардын алгачкы сунуштаган варианты мага да жеткире иштелип чыкпагандай сезилген, Күн нурлары тикенектей болуп көрүнгөн. Кечээ адистер менен кеңешип, кайра оңдоп чыгышыптыр. Бул вариантында мамлекеттик желегибиздеги Күн нурлары эми чындап окшошуптур. Эми ушул вариант Кудай буюруп кабыл алынып калса, күн карама болбойбуз, мындан ары күн бизди карап жылмайып тургандай болот (күлүп). Кандайдыр бир ырым-жырымды кармангандан алысмын. Бирок туудагы түндүгүбүздөн Күн бизге шооласын чачып турган сымал «эми эч кимдин көзүн карабай, өз алдыбызча жаркырап өнүгөбүз» деп жакшы ниет кылалы», — деген мамлекет башчысы.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примовдун мамлекеттик туудагы Күн нурларын өзгөртүүнү демилгелеген мыйзам долбоору 28-сентябрда коомдук талкууга коюлган. Бул боюнча эл ичинде бир катар талаш-талкуулар орун алып келет. Айрымдары демилгени колдосо, басымдуу көпчүлүгү каршылык көрсөтүүдө.

Кечээ, Жогорку Кеңештин төрагасы, мыйзам долбоордун демилгечиси Нурланбек Шакиев мамлеттик туунун авторлору Жусуп Матаев, Бекбосун Жайчыбеков жана ушул туу кабыл алынып жатканда Жогорку Кеңештин төрагасы болгон Медеткан Шеримкулов менен жолугушкан.

Нурланбек Шакиев мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча авторлордун сунуштарын укту

Copyright © 2017 Maral FM