Биз менен байланышыңыз

Нурланбек Шакиев мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча авторлордун сунуштарын укту

Кыска кабар | 24 Окт 2023 | 559 | 0

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлору Жусуп Матаев жана Бекбосун Жайчыбеков менен жолугушуп, башкы мамлекеттик символду өзгөртүүгө байланышкан сунуштарын укту.

Нурланбек Шакиев мамлекеттик туудагы айрым элементтерге тактоо киргизүүгө байланышкан мыйзам долбоорун демилгелеп жатышканын маалымдады.

Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан туунун баштапкы элементтери өзгөрүп кеткен учурлар арбын экенин айтып, баштапкы вариантын кайра карап чыгып, концепциясын сактоо менен айрым элементтерине тактоо киргизүүгө байланышкан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы эмес экенин билдирди.

«Келечекте такталган вариантын тандап алган соң, аны мындан ары өзгөртүүгө жол бербешибиз керек. Айрыкча туунун ар бир элементинин так сакталышын көзөмөлдөөбүз зарыл, – деди ал.

Он күн аралыгында туунун элементтерине тактоо киргизүү маселесин биргелешип кароо менен так варианты сунушталары маалым болду.

28-сентябрда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган долбоор коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоордо туудагы Күн нурларынын формасын өзгөртүү демилгеленген.

Ошондой эле Күн нурунун формасын өзгөртүүдө авторлор баштапкы этапта, математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп иштеп чыгышканы айтылган. Аны менен катар мыйзамдын кабыл алынышы башка мыйзамдарга карама-каршы келбесин, коомдо терс кесепеттерди жаратпасын белгилешет авторлор.

Эгемен Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. 2004-жылдын 17-июлунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM