Connect with us

Президент Таласка Беларусь адистери оңдоп берген тик учак менен барган

Кыска кабар | 21 Окт 2023 | 353 | 0

Президент Талас облусуна Беларусь өлкөсүнүн адистери оңдоп берген МИ-8МТВ-1 тик учагы менен барганын «Фейсбук» баракчасына жазды.

Мамлекет башчысынын айтымында, бул тик учакты 2016-жылы Орусия берген. Бирок бир жылдан кийин, тагыраагы, 2017-жылы бузулуп калган.

Алты жылдан бери пайдаланылбай турган тик учакты атайын адистерге көргөзүп, оңдосо болорун аныктагандан кийин Беларусь өлкөсүнүн адистери менен сүйлөшүп, кайра жасаттырып келген.

«Биздин тик учагыбыздын сапаттуу жасалышын Президент Лукашенко өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү кызматкерлерге катуу табыштаганын айткан эле. Чындыгында эле беларустук адистер ремонт иштерин абдан сапаттуу жасаптыр. Бүгүнкү Талас облусуна болгон иш сапарыма дал ушул тик учак менен барып келдим. Биздин адистер «ремонт мыкты болуптур» деген баасын беришти. Беларусь лидери, кесиптешим Александр Григорьевич Лукашенкого дагы бир жолу ыраазычылык айтам. Кудай буюрса, бул тик учагыбыз дагы өлкөбүздүн кызыкчылыгына көп-көп кызмат кылат деп ишенем», — деп жазды мамлекет башчысы.

Айта кетсек, бүгүн, 21-октябрда Президент Садыр Жапаров Айтматов районундагы «Асыл» спорт комплексинин ачылышына барды.

Тик учактын ички көрүнүшү

Copyright © 2017 Maral FM