Connect with us

Президент Таластагы «Асыл» спорт комплексинин ачылышына катышты

Кыска кабар | 21 Окт 2023 | 260 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда Талас облусуна иш сапар менен барды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө Айтматов районунда болуп, жаңы салынган «Асыл» спорт комплексинин ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы салтанатта сүйлөгөн сөзүндө мурдагы Кара-Буура районуна Чынгыз Айтматовдун ысымын берүүнүн максатын айтып, райондо жасалып жаткан бир катар иштерге токтолду. Аны менен катар ушул спорт комплексти салып берген «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директору Болот Абилдаевге ыраазычылык билдирди.

«Мамлекетибиздин алган багытын колдоп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошкон, Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган мындай жоомарт жарандарыбыз көп болсун. Бул жакшы саамалык мындан ары да уланып, салтка айланып кетерине үмүтүм чоң. Өлкөбүздө ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышып жаткан Болот Абилдаевден үлгү ала турган миллионерлер көп, алар да элге жакшылык кыла алышмак», — деди мамлекет башчысы.

Имараты жарым гектардан ашуун аянтты ээлеген «Асыл» комплекси спорттун түрлөрү менен машыгууга жана мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталып, бардык керектүү жабдуулар менен камсыз болгон.

Имараттын кызыл тасмасын кескенден кийин мамлекет башчысы комплекстин шарттары менен таанышып, машыгып жаткан жаш спортчулар менен баарлашты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM