Биз менен байланышыңыз

Бишкекте шаурмадан уулангандардын саны 71 адамга жетти

Кыска кабар | 3 Окт 2023 | 254 | 0

Бишкекте шаурма жасаган жерде уулангандардын саны 71 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ооруканага 36 адам жаткырылган, алардын бешөө 10 жаштан 14 жашка чейинки балдар. Алардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

1-октябрда Бишкекте Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым түйүндөрүндө массалык уулануу катталган. Уулангандар шаурма жегени белгилүү болгон. Буга байланыштуу тез тамактануучу жайларга 72 миң сом айып салынып, убактылуу жабылган.

2-октябрдын таңында тез тамактануучу жайлардан уулангандардын саны 43кө жеткен.

Министрлик массалык уулануудан кийин бардык тез тамактануучу жайлар текшерилерин билдирди. Тез татым жайларында буга чейин да уулануу учурлары катталып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM