Биз менен байланышыңыз

Сокулукта адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөндөр кармалды (видео)

Кыска кабар | 26 Сен 2023 | 565 | 0

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында болгон жапырт мушташ учурунда ок тийип каза тапкан кишинин өлүмүнө шектелип, издөөдө жүргөн эки адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 22-сентябрында Сокулук райондук милициясына Бишкек шаардык клиникалык ооруканасына октон каза тапкан Жаңы-Жер айылынын 1954-жылы туулган тургуну А.А. жана ок тийип, жарадар болгон 1986-жылы туулган Г.М. аттуу адамдар келип түшкөнү кабарланган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, иликтөө башталган.

Иш боюнча 100дөн ашуун адам суралып, 27 тинтүү жүргөн. Андан белгилүү болгондой, 21-сентябрда спорт залдан балдар мушташа кеткен. Эртеси 22-сентябрда алардын ата-энелери чатакташып, уруш жапырт мушташка айланган. Мушташ курал көтөрүүгө чейин жетип, бир адам каза таап, бир адам катуу жарадар болгон.

Кылмышка катышы бар делген үч адам камакка алынып, «адам өлтүрүп, окуя болгон жерден качып кеткен» деген шек менен 1982-жылы туулган Абдуллаев Курбангажиге жана 1979-жылы туулган Даудов Магомед-Эминге издөө жарыяланган.

Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында, кылмышка шектүүлөр бүгүн, 26-сентябрда таңкы саат 3:00 чамасында кармалып, Сокулук милициясынын тергөө абагына киргизилген.

Окуя боюнча ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгы Чүй ОИИБдин жана Сокулук РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте тинтүү жүргүзүп, далил катары Восток айылынын четиндеги талаага катып коюшкан Сайга-МК мылтыгын 7,62 мм калибрдеги 10 огу менен, Васильевка айылынын четиндеги талаага катып коюшкан АК -74 автоматын 51 огу менен алышкан.

Учурда Ички иштер министрлигинин көзөмөлү астында тергөө жүрүп жатканы, табылган курал-жарак боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалганы кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM