Биз менен байланышыңыз

Чүй ОИИББ: Жаңы-Жердеги жапырт мушташ боюнча үч адам кармалды

Кыска кабар | 23 Сен 2023 | 404 | 0

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында болгон жапырт мушташка катышууга шектелип, үч адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган үч адам: 1954-жылы туулган Д. М., 1988-жылы туулган М.М., 1997-жылы туулган М.М. Жаңы-Жер айылындагы 20-хутор аймагынын тургундары болгон. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Андан тышкары окуяга тиешеси бар делген 1982-жылы туулган Абдуллаев Курбангажи менен 1979-жылы туулган Даудов Магомед-Эмин изделип жатат. Милициянын маалыматына караганда, бири Төмөнкү Чыгыш, бири Жогорку Чыгыш айылынын тургундары, мушташ учурунда ак LADA Priora унаасын айдап жүрүшкөн, жанында «Сайга» мылтыгы болушу мүмкүн.

Окуяны иликтөөнүн жүрүшүндө 30дан ашуун адам суракка алынганы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM