Connect with us

«Армения акыры жүрүп, ЖККУдан чыгат»

Дүйнө , Саясат | 25 Сен 2023 | 709 | 0

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 24-сентябрдагы телекайрылуусунда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмун сындап, пайдасын көрбөгөнүн айтты.  Ал 2020-жылдын декабрынан бери Тоолуу Карабахта болгон окуялар, анын ичинде Лачын коридорунун «блокадасы» жана Азербайжандын соңку чабуулдары «Орусиянын бейпилдик күчтөрүнүн максаттары жана мотивдери тууралуу» олуттуу суроолорду жаратарын билдирди. Пашиняндын билдирүүсүнөн кийин «Армения ЖККУдан чыгабы?» деген суроо жаралып, ар кандай талкууга жем таштады. Айрым эксперттер ЖККУ башынан эле пайдасыз, керексиз экендигин айтса, айрымдары аталган уюм керектигин, айрымдары Армения ачык сындаганы менен бул уюмдан кыска мөөнөттө чыгып кете албасын билдиришүүдө. 

Эл аралык мамилелер боюнча адис Искендер Ормон уулунун пикиринде, Армения кыска убакыттын ичинде чыгып кете албайт. Себеби Арменияда Орусияга ыктаган, ЖККУну колдогон жана аны жарнамалаган саясий топтор, партиялар бар.

Ошону менен катар бул уюм кыска мөөнөттө алсыз, керек эместигин көрсөткөнүн айтты.

«Кыска мөөнөттө чыгуу оңой эмес. Армяндардын азыркы бийликтеги партиясы жана жетекчиси канчалык деңгээлде башка курска аракет кылып жатса да, позицияда эмес. Себеби ЖККУну колдогон, аны пропаганда кылган армиян этникасына таандык, же болбосо Армениянын Орусиядагы лоббиси, ЖККУнун негизги жетекчиси, негиздөөчүсү болгондор бар. Армениянын бул уюмдан чыгышы оңойго турбайт. Бирок мунун ачык айтыла баштаганы, сөз болуп жатканы, бүгүнкү саясий багыт катары колго алынышы ага мүчө мамлекеттердин кызыкчылыгына дал келе бербегендигин кыска мөөнөттүн ичинде көрсөттү. Кыска мөөнөттө Армениянын чыгып кетиши мүмкүн болбосо деле, өз учурунда бул бир эле Арменияны эмес, жалпы бул органга мүчө мамлекеттерди ойлондура турган маселе болуп калды. Ошону менен катар бул уюм барган сайын өзүнүн керексиздигин, пайдасыздыгын, алсыздыгын практикалык түрдө көрсөттү».

Саясат таануу илимдеринин кандидаты Чынара Эсенгулдун айтымында, Армения Орусияга ишенген. Бирок алар күткөндөй болбой калгандан кийин өздөрүнүн коопсуздугу үчүн башка жактан жол издөөдө.

«Көрүп жатабыз, башында Тоолуу Карабах боюнча Армениянын позициясын көбүнчө орустар колдоп келген. Азербайжан Батыштын, Түркиянын жардамы менен Орусияны да ынандырып, өзүнүн карамагына өткөрүп алды. Албетте Армения «орустар бизди аягына чейин колдогон жок» деген позицияда болууда. Ошол себептен стратегиялык жактан өздөрүнүн коопсуздугун башка жактан кароо үчүн ЖККУдан чыгып, Батыш менен жакын ымалада болуп, кийинки келечегине кадамдарды эми ойлой баштады. Бирок бул оңой эмес, Армениянын позициясынан караганда бир аз кечигип калышты. ЖККУнун келечеги чоң күмөн, бирок жалпысынан коопсуздук маселесинде дүйнөлүк деңгээлдеги өзгөрүүлөр болуп жатат. Орусия изоляцияга бараткан мамлекет, азыркы учурда Орусия менен Украинанын ортосунда согуш жүрүүдө. Ошол себептен Орусияга көз каранды болуп турган өлкөлөрдөгү чыр-чатактарга көңүл бура албай жатат. Мунун натыйжасында Арменияга окшогон чакан өлкөлөр өздөрүнүн коопсуздугун башка жактан кароого өтүштү».

Ошондой эле Армениянын Орусиядан толук көз карандысыз болушу үчүн көп убакыт талап кылынарын, Армения ошол маанайда кетип, ачык айтып жатканын Чынара Эсенгул билдирди.

Аны менен катар Орто Азия өлкөлөрү анчалык ачык айта турган деңгээлде эместигин кошумчалады.

Саясий серепчи Марс Сариевдин пикиринде, Армения ЖККУдан чыгат.

Андан тышкары Зангезур коридору ачылып, Орусия, Орто Азия үчүн кургак жол коридору пайда болсо, ал Кытай үчүн зыян болорун айтты.

«Менин оюмча, ЖККУдан Армения чыгат. Себеби азыркы учурда Пашниян Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, болгондо да катуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Түркия, Азербайжан, Армения бир келишимге келип туруп, Зангезур коридорун ачышы керек. Бул коридор Орусияга да ылайыктуу, себеби орустар жол коридору менен Түркияга, Сирияга чейин жете алат. Ошону менен катар ал коридор Орто Азия үчүн да пайдалуу, анткени Кытайдын, Кыргызстандын кургак жол аркылуу Түркияга чыгышына мүмкүнчүлүк түзүлөт».

Эл аралык эксперттер Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму — пайдасыз, натыйжасыз экенин айтышып, келечеги жоктугун билдиришүүдө.

Берлиндеги Орусия менен Евразияны изилдеген «Карнеги» борборунун негиздөөчүсү Кирилл Кривошеев «Настоящее время» маалымат агенттигине берген маегинде ЖККУ түзүлгөндөн бери болгону Касым-Жомарт Токаевди гана коргогонун айткан.

«Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму — пайдасыз, натыйжасыз уюм. ЖККУ эч кимди коргогонун көргөн жокпуз. Болгону Касым-Жомарт Токаевди гана коргогон, бул институттук чечим эмес экенин түшүнөбүз. ЖККУ дегеле институт эмес, ал — Орусия көзөмөлдөгөн уюм. Азыр Москвага кандай керек болсо, ошондой иш алып барат. ЖККУ — Карабах жаңжалын, тагыраагы, армян-азери жаңжалын чечүүнүн куралы эмес, ЖККУ чече албайт болчу. Бирок Арменияга бул аскерий блок коргонуу үчүн гана керек болгон, башка максатта керек эмес. Же болбосо Армения үчүн Орусиядан курал-жаракты арзан алууга мүмкүнчүлүк түзүп берчү. Ушул тарабы балким пайдалуу болсо керек. Армениянын аймагын аткылоодо ЖККУдан эч кандай көңүл буруу болбогондуктан, Армениянын көңүлү сууй түштү. Менимче, Никол Пашинян нааразычылыгын билдирүүнү чечкен окшойт. Ал бул уюмдун ишин жактырбай, көңүлү калды».

Кыргызстан мүчө болгон коопсуздук боюнча эң ири уюм – ЖККУ. Аталган уюм 1992-жылы Ташкент шаарында Орусия, Казакстан, Тажикстан, Армения, Кыргызстан жана Өзбекстан тарабынан түзүлүп, кийинчерээк Азербайжан, Беларусь жана Грузия мүчө болуп кошулган. Бирок Өзбекстан, Грузия жана Азербайжан мамлекеттери кайра чыгып кетишкен.

Бүгүнкү күнү уюмга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мамлекеттери мүчө.

Copyright © 2017 Maral FM