Биз менен байланышыңыз

Human Rights Watch уюму бычакталган кыргызстандык аял боюнча билдирүү таратты

Кыска кабар | 22 Сен 2023 | 294 | 0

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму мурдагы күйөөсү тарабынан денеси бычакталган кыргызстандык аялдын окуясы тууралуу билдирүү таратты.

Укук коргоочулар кыргызстандык аялга жасалган мыкаачылык Кыргызстандагы милициянын ишинин кемчиликтерин көрсөтүп турганын белгилешип, бийликти өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону күчөтүүгө чакырышат.

Себеби келин беш жыл мурун ажырашканына карабай, мурунку күйөөсү ага бир нече жолу кол салып, сабап, зордуктап, ал тургай өлтүрүүгө аракет кылганы айтылган. Акыркы эки жылда аял милицияга зордуктоо жана физикалык зомбулук боюнча арыз менен кайрылган, иш сотко чейин жеткен, бирок киши жазадан кутулуп келген.

Акыркы жолу кол салуудан үч күн мурун келин райондук милицияга кайрылып, коргоо сураган, анткени күйөөсү аны бир жумадан бери аңдып, үйүндө күтүп, коркутуп жүргөн.

«Human Rights Watch (HRW) жана башка уюмдар кыргыз бийлигин үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу маалыматтарды иликтөөгө, коргоо буйруктарын чыгарууга жана аткарууга, зомбулуктун курмандыктарына кол салгандар менен элдештирүү үчүн кысым көрсөтпөөгө жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга бир нече ирет үндөшкөн», — деп айтылат билдирүүдө.

19-сентябрь күнү эртең менен 36 жаштагы келин өз үйүндө канга боёлгон, мурду жана кулагы кесилген, бетинде бычактан жаракат алган жана көптөгөн жаракаттары бар абалда табылган. Ага мурдагы күйөөсү кол салган учурда алардын кичүү баласы, 10 жаштагы бала үйдө болгон.

Сегиз саатка жакын операциядан кийин абалы оор, бирок туруктуу деп бааланууда.

Copyright © 2017 Maral FM