Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова: Туура максат койсоң, жыйынтыгы жакшы болот (видео)

Кыска кабар , Спорт | 22 Сен 2023 | 356 | 0

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында жеңишке жетип, үчүнчү жолу Дүйнө чемпиону болду. Айсулуу Тыныбекова жеңиштен кийинки сезими менен бөлүшүп, жалпы кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирип, элдин колдоосу болгону үчүн жеңишке жетип жаткандыгын белгилеген.

«Эң негизги максат: Дүйнө чемпионаты, анткени Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулуп жатат. Өткөн жылы Дүйнө чемпионатында жеңилген күндөн баштап даярдык көрүп, максат коюп, өзүмдү кайрадан «бирден чогулттум» десем болот. Канчалык кыйын күндөр башыңа түшсө да, эгерде максатты жакшы койсоң, жыйынтыгы жакшы чыгат экен. Буюрса, алдыдагы Олимпиада оюндарына даярданабыз», — деди Тыныбекова.

Ошондой эле ал он күндөн кийин Кытайда өтө турган Азия оюндарына катыша турганын да кошумчалаган.

20-сентябрда өткөн беттештерде Айсулуу Тыныбекова польшалык, молдовалык, украиналык жана жарым финалда германиялык спортчуну утуп, финалга чыгып, 2024-жылы Парижде боло турган Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Кечээ, 21-сентябрда биринчилик үчүн беттеште япониялык Сакура Мотокини 4:1 эсебинде жеңип алып, үчүнчү ирет Дүйнө чемпиону болду. Буга чейин ал 2019-жылы жана 2021-жылы өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль алган.

Copyright © 2017 Maral FM