Биз менен байланышыңыз

Жапаров Oppenheimer Asset Management компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту

Кыска кабар | 22 Сен 2023 | 122 | 0

Президент Садыр Жапаров 21-сентябрда Нью-Йорк шаарында америкалык Oppenheimer Asset Management көп улуттук инвестициялык банкынын жана компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту.

Тараптар мүмкүн болгон биргелешкен пландар жана долбоорлор боюнча, анын ичинде банк-финансы тармагында пикир алмашты.

Oppenheimer Asset Management компаниясынын 50 жылдан ашык тажрыйбасы бар жана башкарууда 37 млрд АКШ доллар активдери бар. Алгач Oppenheimer & Company болуп түзүлгөн, Oppenheimer Holdings 1950-жылы брокер-дилер катары кызмат кылуу жана ири институционалдык кардарлар үчүн тиешелүү финансылык кызматтарды башкарган өнөктөштүк түзүлгөндө негизделген.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Роберт менен Альберт Ловенталдар Кыргызстанга биринчи суверендүү еврооблигацияларды чыгарууну сунуштады, бул кийинчерээк NYSEде кыргыз компанияларынын IPOсуна жол ачат.

Мамлекет башчы бул демилгени кабыл алып, маселени тереңирээк изилдөө зарылдыгын белгиледи. Жапаров Кыргызстан чет элдик инвесторлор, анын ичинде америкалык бизнес үчүн натыйжалуу жана ишенимдүү аянтча болууга даяр экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM