Биз менен байланышыңыз

Парламентте абактагы акын Олжобай Шакирдин маселеси көтөрүлдү

Кыска кабар | 21 Сен 2023 | 519 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо акын, жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин камакка алынышы боюнча кайрылып, жагдайды карап коюуну бийликтен өтүндү.

Депутат «баш кесмек бар, тил кесмек жок» деген кыргыздын байыртан келе жаткан эрежесин эске салып, абакка салуу менен Олжобай Шакирдин үнүн өчүрүү мүмкүн эмес экенин эскертти.

«Жазуучу, акын, публицист, калеми курч, тили заар, дили таттуу Олжобай Шакир деген бүгүн камакта отурат. Интеллигенциянын бүтүн өкүлдөрү: «Ушуну карап берип койсоңуздар», — деп бийликке кайрылып жатат. «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» дейт кыргызда. Илгери Токтогул акын Сибирге айдалып кетип, келгенден кийин деле Токтогул аты өчкөн жок. Олжобай акын да бүгүн камакта болсо, эртең чыккандан кийин да Олжобай аты өчпөйт окшойт, өчүрө албайбыз. Ал да абакта отуруп, күнүгө аңгемелерин, ырларын жазып, 

«Телмирип сыртты карайм,

Темир тор туш-туш бекем.

Жатам да күнүм санайм:

Үйүмө качан кетем?» — деп кайрылып жатат. Мүмкүн болсо, ушуну Президентибизге айтып, көңүл буруп койсоңуздар», — деди Мирлан Самыйкожо.

Айта кетсек, Олжобай Шакир 21-августта «РухЭш TV» Ютуб-каналы аркылуу кайрылуу жасап, азыркы бийликти орой сөздөр менен ачуу сындап, 31-августта митингге чыгып, «Өзбекстанга ижарага берилди» делген Ысык-Көлдөгү төрт пансионат тууралуу түшүндүрмө талап кыларын айтып, элди онлайн-митингге чакырган.

Эки күндөн кийин, 23-августта УКМКга суракка чакырылып, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандыктар) менен айыпталып, камакка алынган.

24-августта Биринчи Май райондук соту эки айга абакта калтыруу чечимин чыгарган.

13-сентярбда иш Бишкек шаардык сотунда каралып, судья Олжобай Шакирдин камакка алынышын мыйзамдуу деп тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM