Биз менен байланышыңыз

Жазуучу Олжобай Шакир эки айга камалды

Кыска кабар | 24 Авг 2023 | 862 | 0

Жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасы бүгүн Биринчи Май райондук сотунда каралып, ал эки айга камакта калтырылды.

Олжобай Шакирге карата УКМК “массалык башаламандык уюштуруу”, “бийликти басып алуу аракети” беренелери боюнча айыптоодо.

Кечээ, 23-августта Олжобай Шакирдин жакындары бир канча сааттан бери жок болуп жатканын айтып чыгышкан болчу. Кийинчерээк анын 8 саат сурак бергени жана камакка алынганы белгилүү болгон.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул боюнча расмий маалымат тарата элек.

Олжобай Шакир акыркы мезгилде коомдук ишмер катары «РухЭш» адабий сайтын негиздеп,  журналисттик иликтөөлөрдү жасаган «Темиров LIVE» командасы менен кызматташып жүргөн. Ал жакында эле 31-августта митингге чыгып, Өзбекстанга ижарага берилди деген 4 пансионат тууралуу бийликтен түшүндүрмө талап кыларын айтып, Фейсбук аркылуу кайрылып келген.

Copyright © 2017 Maral FM