Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаардык соту Олжобай Шакирдин камалышын мыйзамдуу деп тапты

Кыска кабар | 13 Сен 2023 | 408 | 0

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаардык соту жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин камакка алынышы боюнча ишти карап, аны кармалышын мыйзамдуу деп таап, баш коргоо чарасын кароону башка күнгө калтырды.

Сот отуруму ачык өтүп, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн тасмага тартып алуусуна, үндөрдү жаздыруусуна уруксат берилди.

Олжобай Шакир 21-августта «РухЭш TV» Ютуб-каналы аркылуу кайрылуу жасап, азыркы бийликти орой сөздөр менен ачуу сындап, 31-августта митингге чыгып, «Өзбекстанга ижарага берилди» делген Ысык-Көлдөгү төрт пансионат тууралуу түшүндүрмө талап кыларын айтып, элди онлайн-митингге чакырган.

23-августта Олжобай Шакирдин дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат тараган. Көп өтпөй аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери кармап кетип, тергөө абагына камаганы кабарланган.

Адвокат Бакыт Автандил маалымат каражаттарына Олжобай Шакир «массалык башаламандык уюштурууга жана бийликке баш ийбөөгө чакырууга» айыпталып жатканын билдирген.

24-августта Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

25-августта УКМКнын басма сөз кызматы Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандыктар) менен иш козголгонун маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM