Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл районунда сел жүрдү

Кыска кабар | 20 Сен 2023 | 360 | 0

Бүгүн, 20-сентябрдагы нөшөрдөн улам, Ысык-Көл районунда саат 12:00 чамасында кокту-колоттордон келген сел суулары Чолпон-Ата шаарындагы жана Бостери айыл аймагынын Бактуу-Долоноту айылындагы турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорун каптап кеткен.

Жерине Жарандык коргонуу комиссиясы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 1 экскаватор, Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, мэриядан 4 экскаватор, 1 ассенизатор тартылып, сел каптаган жерлерди тазалоо башталды.

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 20-сентябрдан 22-сентябрга чейин өлкөнүн аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM