Биз менен байланышыңыз

ТИМ Өзбекстанга ID-карт менен баруу шарттары боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 18 Сен 2023 | 259 | 0

Тышкы иштер министрлиги быйыл 1-сентярдан тарта күчүнө кирген Кыргызстан менен Өзбекстанга ID-карт аркылуу каттоо шарттары боюнча түшүндүрмө берди.

Министрлик белгилегендей, Кыргызстандын жарандары Өзбекстанга жана коңшу мамлекеттин атуулдары Кыргызстанга кирип-чыгуу, убактылуу жүрүү үчүн ID-карт колдоно алышат. Ошол эле учурда ID-карт менен Кыргызстандын (же Өзбекстандын) жарандары Өзбекстандын (же Кыргызстандын) аймагына кирип, бирок башка өлкөлөргө чыга албайт.

Белгилүү болгондой, тиешелүү документке быйыл 27-январда кол коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM