Биз менен байланышыңыз

Репрессияга кабылгандарды актоону демилгелеген мыйзам долбоору сунушталды

Кыска кабар | 18 Сен 2023 | 180 | 0

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде «Саясий, диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган жарандардын укугу жана кепилдиктери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген мыйзам долбоору сунушталды.

Отурумда баяндама жасаган Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев билдиргендей, долбоор саясий репрессиялардын бардык курмандыктарын реаблитациялоого багытталган. Учурунда 40 миңге жакын кыргызстандык репрессияга кабылган.

«Арадан 100 жыл убакыт өтсө да, репрессияга кабылган ата-бабаларыбызды акташыбыз керек деген ойдомун. Бул багытта биз Борбор Азия өлкөлөрүнөн абдан артта калып отурабыз. Өзбекстанда бул боюнча мыйзам чыгып, өтө тездик менен атылган, камалган, сүргүнгө айдалгандар акталып жатат. Казакстанда да президенттин буйругу чыгып, 360 миңдей жаранды актады. Президенти Токаев өзү бюджеттен каражат бөлүп, аны ишке ашырууга 400дөй тарыхчыны тартты», — деди Акаев.

Акаев белгилегендей, мыйзам долбооруна ылайык атайын комиссия түзүлүп, анын курамына тарыхчылар, УКМКдан, ИИМден, бейөкмөт уюмдардан өкүлдөр киргизилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM