Биз менен байланышыңыз

Жумабеков: Балдардын ортопедия бөлүмү жабылып калганы өкүндүрөт

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Сен 2023 | 1734 | 0

Кыргызстанда учурда балдар травматологиясы боюнча эч бир ооруканада атайын бөлүм жок. Бул тууралуу академик, ортопед Сабырбек Жумабеков «Маралдын» түз эфиринде айтты.

Дарыгердин айтымында, мурдагы Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору жабылып, ал жер Бишкек шаардык тез жардам көрсөтүүчү клиникалык ооруканасы (№4 оорукана) болуп өзгөргөн учурда балдар бөлүмү жабылган. Балдардын травматология жана ортопедия бөлүмү Эне жана баланы коргоо борборуна кошулуп, ал жерде 40 орундуу жай түзүлгөн.

«Тилекке каршы, Жалдагы балдар ооруканасына балдар бөлүмүн алып барып кошуп койду. Ал жерге менин шакирттеримден төртөө дарыгер болуп барып, бирок такыр иштей албай койду. Анткени ал жерде биздегидей техникалар жок. Шарт түзүлгөн эмес. Баланы толук көзөмөлдөн өткөрүүгө ыңгайлашкан эмес. Ошентип ал жактан дарыгерлер кетип калып, балдар бөлүмү биротоло жабылып калды. Азыр эми ата-энелер кайда барарын билбей, кайра эле бизге чалышат. Телефонумда азыр жүздөн ашык баланын ата-энеси кайрылып жазган. Айрымдарын биз өзүбүздүн чоңдорду караган бөлүмдө дарылап, операцияларды жасап жатабыз. Бирок бул мыйзам менен караганда туура эмес. Балдар үчүн өзүнчө анестезиолог, педиатр ж.б толтура дарыгерлери менен болушу керек. Бирок биз айла жоктон карап берип жатабыз»,  — деп билдирди Сабырбек Жумабеков.

Буга чейин Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору болгон учурда балдар бөлүмүндө жылына 1500дөй балага операция жасалып турган. Мындан улам дарыгер Жумабеков балдардын травматология жана ортопедия бөлүмүн сөзсүз кайрадан ачуу керектигин, бул миңдеген кыргызстандык ата-энелердин күтүүсү экенин да кошумчалап өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM