Биз менен байланышыңыз

«Манас» эл аралык аэропорту эки учак сатып алды

Кыска кабар | 15 Сен 2023 | 341 | 0

«Манас» эл аралык аэропорту биринчи жолу өз эсебинен эки учак сатып алуу келишимине кол койду. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Dash-8-400 үлгүсүндөгү учак келишимине расмий кол коюу аземи 10-сентябрда Брюсселде De Haviland Aircraft of Canada өндүрүүчү компаниясы менен болгон.

Бул келишимге кол коюуга «Манастын» башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов катышты. Бул учактар ички каттам түйүндөрүн кеңейтүүгө жана өлкөнүн ичинде калкты авиациялык тейлөөнүн деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

De Haviland Aircraft of Canada компаниясы эки учакты келерки жылдын май айында жеткирип бермекчи. Бул мезгил аралыгында Кыргызстандын жарандык авиациясынын талаптарына ылайык аларды модификациялоо боюнча иштер жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM