Биз менен байланышыңыз

Баткендеги чек арачыларга батирлер тапшырылды

Кыска кабар | 15 Сен 2023 | 238 | 0

Баткендеги №2022 аскер бөлүгүндөгү жана «Кулунду» заставасындагы чек арачыларга жаңы кызматтык үйлөр берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Чек арачылардын турак-жай комплекси турмуш-тиричилик техникалары менен толук камcыздалган. Мындан сырткары балдар ойноочу аянтча жана башка бардык шарттары бар.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өз сөзүндө аскер кызматкерлерине кам көрүү өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө өткөн жылы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта курман болгон аскер кызматкерлери жана жай тургундар эскерилип, куран окутулду.

Камчыбек Ташиевдин Баткен жергесиндеги иш сапары бүгүн да уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM