Биз менен байланышыңыз

Тоолуу райондордо сел жүрөт

Кыска кабар | 15 Сен 2023 | 332 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө таянсак, 15-16-сентябрда өлкө аймактарында кара нөшөр төгөт, мындан Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үй жанындагы жана чарбактардагы арыктарды, дренаждык каналдарды таза кармоого, сел жүрүп кетиши мүмкүн болгон аймактарга дыкат көз салууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM