Биз менен байланышыңыз

150 күндө Ысык-Көлдөн 16 тонна таштанды чыгарылды

Кыска кабар | 15 Сен 2023 | 243 | 0

Жайкы эс алуудан кийин көл жээги, суунун түбү кайтадан тазаланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Акыркы сегиз күн ичинде «Радуга Вест», «Дордой» пансионаттарынын, Кош-Көлдөгү «Коворкинг — резорт Акжол», «Кыргыз таңы», «Волвет курорту» пансионаттарынын, Тору-Айгырдагы «Голливуд», «Маяк», «Жорж Жованна» лагерлеринин пляждары таштандылардан арылтылып, көлдүн асты текшерилди. Ошондой эле бир нече айылдардын тушунан балык кармоочу торлор алынды.

Маалыматка караганда, 150 күндө жалпысынан көлдүн 222 412,6 гектар аянты тазаланып, 16 тонна 261 кг ар кандай таштанды жана 101 450 метр балык кармоочу тор чыгарылган.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл акваториясынын булганган тилкелерин тазалоо иштери ушул жылдын 12-мартында башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM