Биз менен байланышыңыз

Баткен жана Согди облус башчылары жолугушту

Кыска кабар | 13 Сен 2023 | 178 | 0

Бүгүн, 13-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушту. Жолугушууга эки облустун чектеш райондорунун акимдери, облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жетекчилер алгач буга чейин чек ара аймактарында орун алган куралдуу жаңжалда курман болгон жарандарга багыштап куран окуп, чек ара аймактарына тынчтык тилешти.

Облус башчылары Баткен жана Согди облусунун чектеш аймактарында коомдук коопсуздукту сактоо, тынчтыкты камсыз кылуу максатында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында кабыл алынган чечимдерди аткаруу улантыларын белгилешти.

Ага ылайык, облус жетекчилери эл арасында пайда болгон ар кандай түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу, чыр-чатактарга жол бербөө, чектеш жайгашкан район акимдерине жана облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине биргелешип иштөө менен коомдук коопсуздукту камсыздоону тапшырышты.

Белгилей кетсек, Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, улам жаралган маселелерди ыкчам чечүү максатында байма-бай жолугушуп турат.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, күч түзүмдөрү күнүмдүк тартипте иштеп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM