Биз менен байланышыңыз

Мамлекет башчысы эртең Тажикстанга барат

Кыска кабар | 13 Сен 2023 | 321 | 0

Эртең, 14-сентябрда президент Садыр Жапаров Тажикстандын Душанбе шаарына иш сапары менен барып, Борбор Азия мамлекет башчыларынын бешинчи консультативдик жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Иш-чарага Борбор Азиянын мамлекеттеринин башчыларынын катышары айтылды.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Дүйшөмбү шаарында боло турган Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын бешинчи консультативдик жолугушуусунда көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактык кызматташтыктын келечегин талкуулоого багытталат.

Copyright © 2017 Maral FM