Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Бакировдун мандатынан ажыратылышын сынга алышты

Кыска кабар | 13 Сен 2023 | 701 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты, «Элдик» депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев депутат Өмүрбек Бакировдун депутаттык мандатынан БШК тарабынан ажыратылышын мыйзамсыз деп сындады.

Анын айтымында, бардык соттор №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча чечим чыгарган. Ага карабастан БШК өзү каалагандай токтом чыгарып, аны мандатынан ажыратып, ордуна башка депутатты отургузган.

Ал бул маселе боюнча БШК жооп берүүсүн талап кылды. Ошондой эле депутат БШКнын  жообунан кийин депутаттык комиссия түзүп, Өмүрбек Бакировдун депутаттык мандатынан ажыратуунун мыйзамдуулугун карай тургандыгын билдирди.

Ушул эле маселени депутат Дастан Жумабеков көтөрүп, Өмүрбек Бакировдун мандатынын алынышы табышмак экендигин белгилеп, бул боюнча БШКны жооп берүүсүн талап кылды.

Copyright © 2017 Maral FM