Биз менен байланышыңыз

Азербайжанга мейманкана курууга Ысык-Көлдөн 17,24  гектар жер берилет

Кыска кабар | 11 Сен 2023 | 144 | 0

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылына 5 жылдыздуу мейманкана курууга Азербайжан өкмөтүнө 17,24  гектар жер бөлүнүп берилүүдө. Бул тууралуу 11-сентябрда парламенттин эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында инвестициялар жөнүндө макулдашуунун долбоору талкууланды.

Макулдашуунун долбоорун Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов тааныштырды. Ал билдиргендей, 5 жылдыздуу мейманкананы Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылына куруу пландалууда жана ага жалпысынан  17,24  гектар жер бөлүнүп берилүүдө. Директордун орун басары макулдашуу  1997-жылдагы кыргыз өкмөтү менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды коргоо жана колдоо келишиминин негизинде иштелип чыкканын белгилеп, макулдашууну колдоп берүүнү өтүндү.

Мейманкана куруу мөөнөтү: 3 жыл. Жердин жалпы аянты 17,24 гектар, анын ичинен 4,92 гектары парк, пляж болмокчу. Ал эми  12,32 гектары инфрастурктура же мейманкана курулган жер.

Баясов 49 жыл өткөндөн кийин объект Кыргызстандын карамагына өтөрүн, ошол эле маалда Азербайжан макулдашууну узартууга укуктуу экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM