Биз менен байланышыңыз

Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана бадалы жок кылынууда

Кыска кабар | 11 Сен 2023 | 729 | 0

Мульчер атайын техникасын пайдалануу жолу аркылуу алтыгана бадалы менен күрөшүү боюнча семинар өттү. Семинарга Айыл чарба министринин орун басары Майл Алияскаров, Чүй облусунун Панфилов жана Жайыл райондорунун райондук мамлекеттик администрацияларынын жана Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды пайдаланган айыл өкмөттөрдүн өкмөт башчылары, ошондой эле жайыт комитеттеринин төрагалары катышты.

Суусамыр өрөөнүндө жайыттардын жалпы аянты 472 миң гектарды түзөт, бүгүнкү күндө болжол менен 31 миң гектардан ашык жерди алтыган-карагана бадалы баскан. Жайыттардын керексиз өсүмдүктөр басып кеткендигине байланыштуу жыл сайын 2,5 миллион тоннадан ашык жайыт тоюттары жоготууга учурайт.

2022-жылдын 20-июнунда Суусамыр өрөөнүндө семинар-окуу өткөрүлүп, 4 гектар жайыт жери тазаланган. Быйылкы жылдын июль айында тазаланган жерге мониторинг жүргүлгөндө алтыгана бадалынын өсүүсү байкалган эмес. Ал эми жайыт чөптөрү өсүп, мал жайганга шарт түзүлгөн.

Быйылкы жылы жайыттарды жакшыртуу максатында тазаланган жайыт аянттарына жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM