Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы дагы бир скважинаны бургулоо аяктаганын кабарлады

Кыска кабар | 5 Сен 2023 | 130 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы Ахунбаев жана Көк-Жаңгак көчөлөрүнүн кесилишиндеги экинчи жаңы скважинаны бургулоо иштери аяктаганын кабарлады.

Маалыматка караганда, скважинанын тереңдиги 190 метр, кубаттуулугу секундасына 65 метр куб сууну, секундасына 17 литрди түзөт.

Профсоюз – Нарвск, Л.Толстой – Логвиненко, Жайыл-Баатыр – Чортеков, Ахунбаев – Көк-Жаңгак, Ауэзов – Анкара, Театр аянты даректеринде 6 жаңы скважинаны бургулоо пландалууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Профсоюз жана Нарвс көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы скважина казылган.

Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында быйыл таза суу маселеси курч болуп, көп аймактарда эл суусуз калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM