Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши: Эрлан Бекчоро уулу, Акыл Айтбаев жана Али Шабдан үй камагына чыкты

Кыска кабар | 28 Авг 2023 | 552 | 0

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Алардын баш коргоо чарасы бүгүн, 28-августта Бишкек шаардык сотунда каралды.

Кемпир-Абад иши боюнча учурда дагы жети киши абакта. Алар  Жеңиш Молдокматов, Марат Баязов, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков жана Азимбек Бекназаров.

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар өткөн жылдын октябрь айынан бери абакта жатат. Аларга карата кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде иш козголгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM