Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Алардын баш коргоо чарасы бүгүн, 28-августта Бишкек шаардык сотунда каралды.
Кемпир-Абад иши боюнча учурда дагы жети киши абакта. Алар Жеңиш Молдокматов, Марат Баязов, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков жана Азимбек Бекназаров.
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар өткөн жылдын октябрь айынан бери абакта жатат. Аларга карата кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде иш козголгон.