Биз менен байланышыңыз

Баткенде аялдардын орду тууралуу эл аралык форум өттү

Кыска кабар | 23 Авг 2023 | 99 | 0

Баткен шаарында «Чек арага жакын жайгашкан аймакта тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу аялдардын орду” аттуу III Эл аралык аялдар форуму болду.

Форумга  Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев, ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Алексей Рогов, республикалык жоокерлердин энелер комитетинин төрайымы Уулжан Байгубатова жана өлкө аймактарынан чогулган мамлекеттик жана аскер кызматындагы айымдар, Өзбекстандан келген лидер айымдар катышууда.

Иш чара республикалык жоокерлердин энелер комитетинин демилгеси менен уюштурулду.

Максаты – тынчтыкты сактоодо жана жаралган көйгөйлөрдү чечүүдө аялдардын ролун жогорулатуу болуп саналат.

Форумдун жүрүшүндө, чектеш аймактарда тынчтыкты сактоодогу аялдардын орду, кызматташуунун жаңы мейкиндиктери тууралуу докладдар окулуп, ой пикирлер ортого салынды.

Ошондой эле Баткен областындагы аялдар кеңешинин, аскер кызматындагы аялдар кеңештеринин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

Форумга катышкан жетекчилер кыргыз айымдарынын акылдуу, кайраттуу жана эркттүү сапаттарын сыймыктануу менен белгилеп, бул форум аймактарда аялдардын активдүүлүгүн жогорулаткан, аларды жер-жерлердеги көйгөйлүү маселелерди чечүүгө шыктандырган, пайдалуу иш чаранын башаты болооруна ишенимин билдиришти. Форумдун жыйынтыгы менен резолюция кабыл алуу белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM