Биз менен байланышыңыз

22-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 21 Авг 2023 | 527 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 22-августта Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13 күндүз +25…+30

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +19…+21, күндүз +33…+35 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM