Биз менен байланышыңыз

Чычырканактын пайдасы жана зыяны

Блог , Кыска кабар | 18 Авг 2023 | 2757 | 1

Август айы Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында чычырканактын бышкан мезгили болуп эсептелинет. Мындан улам чычырканактын пайдасы жана зыяны тууралуу маалыматтарды топтодук.

Нутрициологдор чычырканак мөмөсүн «витаминдүү бомба» деп эсептешет. Анткени анда А, В1, В2, С, D, Е, аминокислоталары, фенол, бета-каротин, фолий жана и органикалык кислоталары, ошондой эле минералдык элементтер бар. Чычырканак тамак-ашты сиңирүү жана терини жашартууда, жүрөктү, боорду жана тери ооруларын дарылоодо кеңири колдонулуп келет. Бирок чычырканак да пайдалуу жактары менен кошо туура эмес колдонгон учурда зыяндуу тарабы да бар.

Дарылык касиеттери

-Иммунитетти чыңдайт. Чычырканак мөмөсү вируска каршы күрөшүүчү касиетке ээ болгондуктан, иммунитетти чыңдайт. Мындан улам сасык тумоо жана грипп болгондо колдонуу сунушталат.

-Жараны жана күйүктү дарылоодо да колдонулат. Чычырканак жаранын тез бүтүшүн камсыздап, сезгенүүнү азайтат. Курамындагы Е витамини теринин клеткасын жаңылап, зат алмашууну жакшыртып кан тамырларды бекемдейт.

-Кан басымды түшүрөт. Чычырканакты сегиз ай бою туруктуу колдонуу жогорку кан басымды нормага келтирет. Кан басымдын дарысы сыяктуу колдонгондор көп.

-Көздүн кургап кетүүсүнүн алдын алат. Чычырканактын спрейи көздүн кургап кетүүсүн алдын алып, кызарганын жана кычышканын да кетирет.

-Депрессияга түшкөн адамга да пайдалуу. Анткени бул мөмө нерв системасынын иштөөсүнө таасир берген серотонин гормонун иштеп чыгууга түрткү берет. Күнүмдүк рациондо туруктуу колдонуу депрессия менен күрөшүүгө жардам берет.

Чычырканактын мөмөсү жана ширесине тыюу салынган учурлар 

-Диарея жана аллергиясы бар адамдарга колдонууга болбойт

-Өттө жана бөйрөктө ташы бар болсо анда чычырканакты колдонууга тыюу салынат;

-Ашказандын жарасы жана гастрит бар адамдар чычырканактын мөмөсүн жана ширесин этият болуп колдонуусу керек.

-Боор жана өттүн оор түрүндөгү оорулары менен ооругандарга да болбойт;

1 пикир

1 пикир

  1. Пери

    23.01.2024 22:29

    Чычырканактын вареньесин ашказан оорусуна жакшы деп врач жазып бергенго. Ашказанда жара пайда болуп калган экен.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM