Connect with us

Өзбек бийлигине кайрылуу жасаган жарандын айылдаштары анын аракетин айыптады

Кыска кабар | 18 Авг 2023 | 2509 | 0

Бүгүн Өзбекстандын бийлигине кайрылуу жолдогон жарандын видеосуна байланыштуу Оштун Амир-Темир кичи шаарчасында жыйын болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Амир-Темир кичи шаарчасында жергиликтүү активисттердин, дин өкүлдөрүнүн жана тургундарынын катышуусунда жыйын болуп өткөн. Жыйында катышкан жергиликтүү жашоочулардын бардыгы бир ооздон кечээ күнү «Тик-Ток» аркылуу коӊшу мамлекеттин өлкө башчысына кайрылган жердешинин жоругун туура эмес деп белгилешкен.

Жыйынга катышкандардын бири, жергиликтүү аксакал жашоочу өзбек бийлигине кайрылган жаранды провокатор деп атап, анын билдирүүсүн туура эмес деп баалаган. «Бүтүндөй кичи шаарчабызды элге жаман көрсөттү. Өзүбүздун шаардын, өлкөнүн жетекчилиги турганда коӊшу мамлекеттин жетекчисине арыздануунун эмне зарылчылыгы бар? Жаш адам болсо бир жөн. Бүтүндөй жашоочулар жаман көрүп жатышат. Мындай адамдын жакшылыгына дагы, жамандыгына дагы барбайбыз!» деп билдирген.

Жашоочулар мыйзам чегинде жаза берүүнү колдой тургандыктарын айтышкан.

Жергиликтүү эл менен өткөн жыйынга Ош ШИИБнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Акылбек Бекишов, Ак-Буура милиция бөлүмүнун начальниги милициянын полковниги Бакыт Матисаков , Амир-Темир аймактык кеӊешинин төрагасы Мухаммадамин Канатов, аймактын имамы катышкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM