Бүгүн Өзбекстандын бийлигине кайрылуу жолдогон жарандын видеосуна байланыштуу Оштун Амир-Темир кичи шаарчасында жыйын болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынга катышкандардын бири, жергиликтүү аксакал жашоочу өзбек бийлигине кайрылган жаранды провокатор деп атап, анын билдирүүсүн туура эмес деп баалаган. «Бүтүндөй кичи шаарчабызды элге жаман көрсөттү. Өзүбүздун шаардын, өлкөнүн жетекчилиги турганда коӊшу мамлекеттин жетекчисине арыздануунун эмне зарылчылыгы бар? Жаш адам болсо бир жөн. Бүтүндөй жашоочулар жаман көрүп жатышат. Мындай адамдын жакшылыгына дагы, жамандыгына дагы барбайбыз!» деп билдирген.
Жергиликтүү эл менен өткөн жыйынга Ош ШИИБнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Акылбек Бекишов, Ак-Буура милиция бөлүмүнун начальниги милициянын полковниги Бакыт Матисаков , Амир-Темир аймактык кеӊешинин төрагасы Мухаммадамин Канатов, аймактын имамы катышкан.