Биз менен байланышыңыз

Өзбек бийлигине кайрылуу жасаган жаранга юридикалык баа берилет

Кыска кабар | 18 Авг 2023 | 1831 | 0

Кечээ, 17-августта «Тик-Ток» социалдык түйүнүндө Ош шаарынын тургунунун коӊшу Өзбекстандын өлкө жетекчисине кайрылуусу жарыяланган.

Кайрылууну Ош шаарынын Амир-Темир кичи шаарчасынын 60 жаштагы тургуну жасаган аныкталган.  Кайрылуу жарык көргөндөн соӊ ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинип, кайрылуу жасоосунун себептери суралган. Анын кайрылуусунда көрсөтүлгөн фактыларды аныктоо учүн Ош шаарынын жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте тиешелүү иш чаралар аткарыла баштады, — деп билдирди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Андан сырткары кайрылуу жолдогон жарандын кайрылуусу, сөздөрү канчалык мыйзамдуу экендигин териштирүү боюнча бир топ иштер аткарылып, тиешелүү экспертизалар дайындалат жана кайрылуу жолдогон жаранга юридикалык баа берилери да айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM