Биз менен байланышыңыз

Жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин күнүнүн 20 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү

Кыска кабар | 15 Авг 2023 | 189 | 0

 Бишкекте Жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин күнүнүн 20 жылдыгына арналган «Пенитенциардык тутумду өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери: ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйба» деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин колдоосу менен  Жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин күнүнүн 20 жылдыгына арналган «пенитенциардык тутумду өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери: ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйба» темасында эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулган.

Иш чара 2023-жылдын 11-августунда Жазаларды аткаруу кызматынын  Окуу борборунда офлайн жана онлайн форматта, Армениянын, Белоруссиянын, Казакстандын жана Орусиянын Пенитенциардык кызматтарынын эксперт-практиктеринин, Ж.Баласагын атындагы КУУнун жетекчилеринин жана илимий-педагогикалык кызматкерлеринин, ИИМдин, УКМКнын, Юстиция министрлигинин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү.

Конференциянын жүрүшүндө пенитенциардык тутумдун актуалдуу маселелерине арналган 10дон ашык илимий докладдар жана макалалар угулуп, талкууланды. Катышуучулар жазык-аткаруу системасын өнүктүрүүнүн улуттук жана эл аралык тажрыйбалары менен таанышууга, пенитенциардык мекемелерди реформалоонун, соттолгондорду оңдоонун, ресоциалдаштыруунун жана социалдык адаптациялоонун, кылмыштардын кайталанышын алдын алуунун ийгиликтүү тажрыйбаларын жана инновациялык ыкмаларын талдоого, пенитенциардык системаны өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги боюнча пикир алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.

Конференциянын жыйынтыктары көрсөткөндөй, ал пенитенциардык актуалдуу маселелер боюнча тажрыйба жана идея алмашуу үчүн маанилүү эл аралык эксперттик форум болуп калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM