Биз менен байланышыңыз

Баткен: 15 күндөн бери суусуз калган жаңы конуш

Коом | 9 Авг 2023 | 858 | 0
Фото: Уланбек Маккамбаев

Баткен шаарынын Чет-Булак жаңы конушунда бир канча күндөн бери таза суу жок болуп жаткандыгы тууралуу жергиликтүү угармандардан маалымат келген. Бул аймакта суу жок жашоочуларга кыйынчылык жаратып жатканы тууралуу маалыматтар социалдыкга тармактарга да тараган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында аталаган жаңы конушта азыркы учурда 300дөн ашык кожолук жашайт. Уулкан Максудова Чет-Булак конушунун тургуну, ал 2019-жылы көчүп келген. Ошол мезгилден бери суу маселеси көйгөй жаратып келгенин айтат.

Биз 15 күндөн бери суусуз отурабыз, элге суу жетпей жатат. Биздин квартал жаңы конуш болгондуктан, бизге таза суу келе элек. Буга чейин Жаңы-Жер айылына кеткен сууну колдонуп келгенбиз. Таза суунун резервуарын толтуруп коюптур, бирок аны ачуу үчүн долбоор толугу менен аякташын күтүп жатышат. Жогору жакка биздин үнүбүз, көйгөйлөрүбүз жетпей жатат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип, эл менен жолугушту. Азыр график менен бериле турган болду. Эки күн Чет-Булак жаңы конушу, ал эми үч күн Жаңы-Жер айылынын тургундарына суу берилет экен. Бирок буга эл нааразы болуп жатат. Анткени суунун башыдагыларга гана суу жетип, айылдын аягында жашагандарга суу жетпей калат. Бизге мындан эки ай мурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү “сууну киргизип беребиз” деп айтышкан. Бирок эч кандай жылыш болгон жок”.

Чет-Булактын дагы бир тургуну Эркеайым Сатыбалдиеванын айтымында, суу жок жашоо кыйын болуп жатат. Тургундар сууну сатып алууга мажбур. Суу жок айыл эли эч нерсе кыла албай жатат. Бүгүнкү күндө элдин негизги талабы буга чейин пайдаланып келген жаңы-Жер айылынын линиясына көз каранды болбой, өзүнчө суу чыкса дейт.

“Биз беш жылдан бери Жаңы-Жер айылына суу кеткен линиядан колдонуп келгенбиз. Жаңы курулган резервуардан бир линия чыгарып берсе, айылды толук суу менен камсыздамак. Аны казакстандык компания куруптур, долбоор аягына чыга элек деп жатышат. Ошого булар “ача албайбыз” деди. Бизде 350 кожолук жашайт. Көпчүлүгү жаш балалуу, карылары бар үй-бүлөлөр. Суу жок жашоону элестетип көргүлө. Азыр суу жоктугунан кирлер жуулбай турат, иштер токтоп калды. Үйүндө суу топтоочу жайлары барлар кошуналарга берип жатышты, кээ бири сууну сатып алып жатты. Эгиндерди эми айтпай эле коелу, алар да суусуз калды”.

Ал эми Баткен шаарынын вице-мэри Акыл Орозов төрт-беш күндөн бери суу жок экенин айтып, долбоор даярдалып жатканын, ал бүтсө донорлорго берилип, эки айдын ичинде Чет-Булак конушунун элине суу толук киргизилерин кошумчалады.

“Чет-Булак кварталы Баткен шаарынын жаңы конушу. Буга чейин Жаңы-Жер айылына кеткен суу түтүктөн колдонуп келишкен. “Жаңы-жер айылына суу жетпей жатат” деп суу башчысы келип Чет-Булак айылына кеткен линияны жапкан. Азыр сүйлөшүп, бир келишимге келдик. Эки күн Чет-Булакка, үч күн Жаңы-Жерге суу бериле турган болду. Азыркы учурда долбоор даярдалып жатат, аз күндө бүтөт. Андан соң донорлорго беребиз. Эки айдын аралыгында Чет-Булак айылына толук кандуу суу киргизип бербиз”.

Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын маалыматына таянсак,  Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына “Дүйнөлүк Эмират” кайрымдуулук уюмунун  колдоосу менен 10 км аралыкка таза суу тартуу долбоору башталган. Курулуштун жалпы суммасы 75 миң долларды түзөт. Долбоордун алкагында миң куб метр суу кампасын куруу да каралган. Натыйжада Чет-Булак аймактык башкармалыгынын калкы 24 саат бою таза суу менен камсыз болот. Курулушка Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетинен да  3 млн сом каражат ажыратылган. Учурда долбоордун документтештирүү иштери жүрүүдө.

Социалдык тармактарда тараган видеолордо Президенттин Баткен облусунун өкүлчүлүгүн алдында бир нече Чет-Булак айылынын тургундары суу чыгарып бреүүнү талап кылып, нааразчлчыгын билдирип чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM