Биз менен байланышыңыз

Соң-Көл жайлоосунда малга шарп ылаңы жайылды делген маалымат төгүндөлдү

Кыска кабар | 9 Авг 2023 | 222 | 0

Буга чейин массалык маалымат каражаттарында Соң-Көл жайлоосунда бодо малдар шарп ылаңы менен ооруп жатканы боюнча такталбаган маалыматтар тараган.

Ветеринардык кызмат бул маалыматты чекте кагып, түшүндүрмө берди.

​​Нарын облусунун Соң-Көл жайлоосуна Кочкор, Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун ветеринардык башкармалыктарынын инспекторлору жеке ветеринардык врачтар менен биргеликте Соң-Көл жайлоосуна барып, малчылар менен жолугушуп, жеринде мониторинг жүргүзүп, эпизоотиялык кырдаалды анализдеп, текшерип турушат.
​​
Акыркы жолу инспекторлор 18-19-июль күндөрү Соң-Көл жайлоосуна барып мониторинг жүргүзүп келишкен.

Малчылардан эч кандай даттануулар жана арыздар түшкөн эмес, эпизоотиялык абал туруктуу, жугуштуу ылаңдардан таза деп белгиленген. Мындан тышкары, Сон-Көл жайлоосуна бекитилген ветеринарды адистер жума сайын мониторинг жүргүзуп, райондук ветеринардык башкармалыкка маалымат берип турушат. Бул боюнча жеринде түзүлгөн актылар бар.
​​
Жогорудагы маалыматтын негизинде бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлиги алдындагы Ветеринардык кызматтын инспекторлору Соң-Көл жайлоосуна барып, мониторинг жүргүзүп, малдар арасында щарп ылаңы менен оруп жаткандыгы такталган жок, эпизоотиялык абал туруктуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM