Биз менен байланышыңыз

Түптөгү үч айылда 92 үйдү суу каптады

Кыска кабар | 8 Авг 2023 | 386 | 0

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 7-августта болжол менен саат 16:00дөр чамасында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Талды-Суу, Көчү, Корумду айылдарын каптаган. Селдин кесепетинен 92 турак үйдүн короолорун, жертөлөөлөрүн, ички чарбалык жолдорун жана айдоо талааларын суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жеринде маалыматты тактоо, аныктоо максатында Түп райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Учурда аталган айылдарда 41 куткаруучу иш алып барууда. Мында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 1 жүктөгүчү жана 3 экскаватору тазалоо иштерин аткарып жатат.

Ал эми сел сууларын тазалоо үчүн Балыкчы, Каракол шаарларынын суу сордуруучу мотопомпалары жана авариялык-куткаруу унаасы, оор жүк ташуучу 3 ХОВО унаасы тартылды.

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу чукул кабар таратып, 7-8-август күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү ыктымал экенин эскерткен.

Түп районундагы 2-августтагы нөшөрлөп жааган жаандан кийин Кең-Суу жана Байзак айылдарында сел жүргөн. Эки кыштакта 50дөй үйдү топон суу каптаган. Андан сырткары чарбалык жолдор бузулган.

Нарын районунун Куланак айылында 22-июлда айылында нөшөр жаандан кийин сел жүрүп, 16 үйдүн короосун суу каптаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM