Биз менен байланышыңыз

 Садыр Жапаров «Жаштар жөнүндө»  мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 8 Авг 2023 | 269 | 0

Садыр Жапаров «Жаштар жөнүндө»  мыйзамга кол койду. Мыйзамды 21-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты — жаштар саясатын калыптандыруунун, ошондой эле жаштарды мамлекеттик ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүнө тартуунун механизмдерин аныктоо.

«Мыйзамда жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин негизги багыттары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жаштарды жана жаштардын аялуу топторун тартуу үчүн бирдей шарттарды түзүү, жаштар саясатын калыптандыруу жана ишке ашырууда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ишкердикти өнүктүрүүгө жана жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, мамлекеттик жаштар саясатын финансылык жактан камсыз кылуу маселелери каралган»,- деп жазылган президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM