Connect with us

Москва: Кыргыз жараны баласына зордук-зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча камалды

Кыска кабар | 8 Авг 2023 | 377 | 0

Москва шаарынын Хорошево-Мневники районунда кичинекей баланын энеси тарабынан зордук-зомбулук көрүү фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 7-августта билдирди.

«Орусиянын тиешелүү органдары тарабынан териштирүү иштер жүргүзүлдү. 2014-жылы туулган М.А. аттуу бала Москва шаарындагы социалдык реабилитацияга муктаж жашы жете электердин адистештирилген мекемесине жайгаштырылды. Баланын апасына карата Москванын укук коргоо органдары тарабынан административдик укук бузуу фактысы боюнча камакка алуу тууралуу протокол түзүлдү»— деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги  Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү менен бирдикте баланын мындан аркы жашоосу, ошондой эле анын жакын туугандары менен байланышуу боюнча иш алып барууда.

Бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүнө алынды.

Copyright © 2017 Maral FM