Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктарга Сауд Аравия виза берүү режимин жөнөкөйлөттү

Кыска кабар | 8 Авг 2023 | 262 | 0

Кыргызстандын жарандары Сауд Аравия Падышалыгына электрондук виза менен бара алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Аравия Падышачылыгындагы элчиси Улукбек Марипов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

Анда: «Кыргызстандын жарандарынын Сауд Аравия Падышалыгына кирүү тартибин жөнөкөйлөтүү маселесин иштеп чыгуунун алкагында жана ошондой эле саудия тарабынан өткөрүлгөн ар кыл деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн негизинде, САП Кыргызстанды конок (электрондук) визасын колдоно ала турган чет өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү чечимин кабыл алды»,- деп жазган. 

Кыргызстандын  жарандары аталган өлкөгө конок визасы менен турист катары, умра сапары менен, ишкерлик аркылуу жана туугандарына же досторуна баруу максатында кире алышат. Конок визаны https://visa.visitsaudi.com/ онлайн порталына арыз таштоо менен же Сауд Арабиясынын эл аралык аэропортторуна конгон учурда алууга болот.

Электрондук виза (eVisa) — бул бир жылга берилүүчү, 90 күнгө чейин өлкөдө жүрүү мүмкүнчүлүгүн берген бир нече жолку виза. Аны менен туризмге байланышкан иш-чараларга катышууга, үй-бүлө же туугандардыкына барууга, умра парзын аткарууга болот. Бирок, ажылык сапарын аткарууга, окуу, иштөө максатында колдонууга болбойт.

Визада көрсөтүлгөн өлкөдө жүрүү мөөнөтүнөн өткөрбөй Сауд Аравиясынан чыгып кетүү сунушталат. Мөөнөт өтүп кеткен учурда айып пул салынат.

Ошондой эле элчи Марипов кыргызстандыктардын аталган өлкөгө баруудан мурда өлкөдө жүрүү эрежелери жана шарттары менен кылдат таанышып чыгууну суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM