Биз менен байланышыңыз

Дизел майынын баасы 1 литри 63-64 сомго чейин түшөбү?

Кыска кабар | 5 Авг 2023 | 206 | 0

Нефтетрейдерлер дизел майынын баасын төмөндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү макулдашылганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 5-августунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповдун, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбек Тайлаковдун жана ошондой эле күйүүчү май рыногунда баа түзүү маселеси боюнча ата мекендик мунай рейдерлеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Камчыбек Ташиев бүгүнкү күндө нефтетрейдерлер тарабынан май куюучу жайларда жогорулатылган баада дизел майы сатылып жатканын белгиледи.
Буга байланыштуу, өз тарабынан нефтетрейдерлерге социалдык багыттагы баа саясатын кармануу сунушталып жана бааларды төмөндөтүү зарылдыгы ошондой эле калкты арзан баада дизел майы менен камсыз кылуу үчүн бааларды төмөндөтүү жана мындан кийин дизел майынын 1 литри 63-64 сомдон ашпаган бааны белгилөө зарылдыгын белгиленди.
Өз кезегинде нефтетрейдерлер дизель майынын баасын төмөндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү макулдашты.

Буга чейин өлкөдө күйүчү майдын кымбатташына байланыштуу нааразычылык күчөгөн. Дизелдин баасы июндун аягында орточо 70,68 сомдон болуп турса, июль айынын аягында 70,42 сом болду. Ушу тапта майдын наркы айрым жерлерде 72 сомго чейин жетүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM