Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Парашюттан эки адам кулап, бири эсин жоготту

Кыска кабар | 5 Авг 2023 | 188 | 0

Бүгүн, 5-августта Бостеридеги «Золотой песок» эс алуу жайында парашют жээкке кулап түшкөнү тууралуу окуянын күбөлөрү «Маралга» кабарлады.
Видеодо парашютта эки адам болгонун көрүүгө болот.

Анда жабырлануучулардын бири эс учун жоготуп, бири мурдунан жаракат алган. Жабырлануучуларды тез жардам кызматы алып кеткен.

Буга чейин Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 23-июлда суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “таблетка” баллонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходко урунган. Андан үч адам жабыркап, экөө каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM